Сатарбаева: өзүн өрттөгөн аялдын күйөөсү да жабыркады
Түгөйлөрдүн ортосунда чыккан чырдын айынан аялы өзүнө өрт койгон. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Жанна Сатарбаева билдирген.
Анын айтымында, жабыркаган аял оор абалда ооруканада жатат.
"Өрттөнгөн келинди күйөөсү төшөнчү менен жаап, жалынды өчүрүүгө аракет кылган, бирок анын денесинин 60 пайызы күйүп кеткен. Учурда аял оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат"—деди Сатарбаева.
Ал келиндин күйөөсү жабыркап, эки колу күйүп калганын белгиледи.