БИШКЕК, 29-май — Sputnik. "Футбол сулуусу-2017" наамын 28 жаштагы Надира Исакова жеңип алды. Бул тууралуу футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.
Бир ай мурун жарыяланган сынактын жарым финалына тогуз талапкер өтүп, финалда анын бешөө гана тандалып алынган.
Калыстар тобу тарабынан тандалып алынган Исакова Москвадагы "Asia Gold KG" командасын түптөгөн. Ошондой эле ал "Мээримдүү жүрөк" долбоорунун негизинде түзүлгөн улуттар аралык "Asia Gold" азия курама командасынын дарбазачысы болуп саналат.
Эми ал сынактын жеңүүчүсү катары Кыргызстандын Футбол федерациясынын атынан эл аралык иш-чараларга катышып, ар түрдүү фото жана видеого тартылып турат.
Федерация буга чейин Исакованын сынакка карата тартылган "Эмне үчүн мен футболду жакшы көрөм?" аттуу видеосун жарыялаган. Таажы жеңүүчүгө жакын арада ыйгарылат.
Надира Исакова эл аралык компаниялардын биринде иштеп, сүрөт тартат. Мындан сырткары, ал балет менен да алектенет.