Чунгулов: учурда Кыргызстанда 250гө чукул гана илбирс калды
Кыргызстанда 250гө чукул гана илбирс бар. Бул тууралуу Германиянын айлана-чөйрөнү коргоо союзунун (NABU) экологиялык билим берүү бөлүмүнүн адиси Жолдош Чунгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, СССР убагында өлкөдө 1400төн ашуун илбирс болгон.
"1980-жылдары Кыргызстан илбирстердин көптүгү боюнча Кытайдан кийинки болуп экинчи орунда турчу. Анда 1400 баштан жогору эле. Учурда болжолдуу түрдө 250 эле илбирс калды", — деди Чунгулов.
Ал жыл сайын илбирстер 25 башка азайып жатканын кошумчалады.