БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Шейшемби күнү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
"Ош менен Бишкек шаарларында 30-31 градус жылуу болот", — деп жазылат маалыматта.
Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.