БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкекте маршруттук такси жөө адамды коюп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
Анын айтымына караганда, кырсык Ден Сяопин менен Мессароша көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
"Маршрутка койдурган кыз 20 жаш чамасында. Алган оор жаракатынан улам ошол жерден каза тапты", — деди күбө.
Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкармалыгы бул маалыматты ырастады.
"20 жаштагы кызды саат 15.45дер чамасында №220 маршрутка жөө адамдар өтө турган жол чийинден койдуруп кеткен", — деп милициядан маалымдашты.
Маршрутканын айдоочусу окуя болгон жерден качкан эмес. Учурда Кайгуул милициясы териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.