БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кечээ КР Куралдуу күчтөрүнүн жөө аскерлеринин катарында келишимдик негизде кызмат өтөгөн катардагы жоокер ошол эле бөлүктөгү дагы бир жоокерди унаа менен койдуруп алды. Бул тууралуу аталган аскер бөлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.
Жабыркаган жоокер Майлуу-Суу аймактык ооруканасына жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам көз жумган.
"Кырсык аскер бөлүгүнүн паркында техникаларды кезектеги кароодон өткөрүү маалында болгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча Жалал-Абад гарнизондук аскер прокуратурасы кабардар болуп, иликтөөсүн баштаганы кошумчаланды.