Кылтылдаткан кыл көпүрөлөр кайсы жерде? Бишкектеги кооптуу өтмөктөр
Кылтылдаткан кыл көпүрөлөр кайсы жерде? Бишкектеги кооптуу өтмөктөр
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек шаарындагы автоунаалар жана жөө адамдар өтүүчү кооптуу деп саналган көпүрөлөрдү карап көрдү. 18.05.2017, Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек шаарындагы автоунаалар жана жөө адамдар өтүүчү кооптуу деп саналган көпүрөлөрдү карап көрдү.
Бишкекте дүйнө жүзүндөгү ири шаарлардагыдай көркөмү, көлөмү менен таң калтыра алган көпүрөлөр жок. Бирок келечекте мындай курулуштар курула турганы айтылып, эскиздер жарыялана баштады. Антсе да калаада шаар тургундары үчүн кооптуу көпүрөлөр жок эмес экен. Алардын айрымдарын өз көзүбүз менен көрүп келдик. Кээ бир көпүрөлөрдү салып жатканда курулушчулар унаа өткөнгө ылайыктап, жөө жүргүнчүнү эсепке албай калган өңдүү.
Чүй — Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн тосмосунун теңи жол кырсыгынан улам сынып калган. Бирок мэрия тосмону кайра улантып салбай эле оңой кутулуп, кесип салган. Жөө жүргүнчүлөр үчүн бир топ эле кооптуу көрүнөт
Бакай-Ата конушуна кирип бара жаткан жердеги көпүрөнүн эки жагы тосулган, бирок көпүрө өтө эле ылдый жайгашкан. "Кокустан суу көп келсе абайлаш керек" дейт жергиликтүү тургундар
Маевка конушундагы Мидин жана Насыйкат көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн теңи эмне болгону белгисиз. Мэрия же темир үнөмдөгөнбү, же теңи кесилип алынганбы, айтор, кичинекей бир нерсе турат
Фрунзе — Набережная аймагындагы көпүрөдө айдоочулар менен жөө жүргөндөрдүн жолун асфальт менен эле ажыратып билбесе, эч кандай белгилер орнотулган эмес