Түндүк — Түштүк жолуна Нарын аркылуу эки асма көпүрө курулат. Эскизи

© Sputnik / Табылды КадырбековЭскиз эстакадного моста на альтернативной дороге север — юг
Эскиз эстакадного моста на альтернативной дороге север — юг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Альтернативдүү жол курулушунун алкагында төрт тоннель салуу каралган. Эми экөөнүн ордуна Нарын дарыясынан өткөн эки эстакадалык көпүрө курулмай болду.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернавалуу жолунун курулушунун алкагында Нарын дарыясы аркылуу өтө турган эстакадалык эки көпүрө курула турганын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорогТүндүк — Түштүк альтернавалуу жолунун курулушунун алкагында Нарын дарыясы аркылуу өтө турган эстакадалык көпүрөнүн эскизи
Эскиз эстакадного моста на альтернативной дороге север — юг - Sputnik Кыргызстан
Түндүк — Түштүк альтернавалуу жолунун курулушунун алкагында Нарын дарыясы аркылуу өтө турган эстакадалык көпүрөнүн эскизи

Курулуштун экинчи фазасынын (Арал — Казарман жолунун 195-291 чакырымдары) алкагында төрт тоннель салуу каралган. Бирок кошумча жолдордун салынышы менен долбоорду оптималдаштыруу чечими кабыл алынган.

"Мында №2 жана №3 тоннелдерди эстакадалык көпүрө менен алмаштыруу пландаштырылып жатат. Алардын узундугу 396 жана 1086 метрди түзмөкчү. Ар биринин туурасы 13,5 метр болот. Азырынча көпүрөлөрдүн чыгымы тактала элек", — деп айтылат маалыматта.

© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорогТүндүк — Түштүк альтернавалуу жолунун курулушунун алкагында Нарын дарыясы аркылуу өтө турган эстакадалык көпүрөнүн эскизи
Эскиз эстакадного моста на альтернативной дороге север — юг - Sputnik Кыргызстан
Түндүк — Түштүк альтернавалуу жолунун курулушунун алкагында Нарын дарыясы аркылуу өтө турган эстакадалык көпүрөнүн эскизи

Мекеменин айтымында, трасса Нарынды бойлой кеткен ичке жолдон өтүп, чукул бурулуштардан улам бир жээктен экинчи жээкке чыккан кыйма-чийме жол болот. Учурда жол салынып бүтө элек. Калган эки тоннель да курула элек, ал тоону айланып өткүдөй болуп салынары белгиленди.

Проект реконструкции центрального сквера в городе Каракол - Sputnik Кыргызстан
Француздар Караколдогу скверди оңдоп-түзөөгө 1 млн. доллар жумшоого даяр
Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад багыты боюнча кеткен 433 чакырымдык жол өлкөнүн түндүк менен түштүгүн бириктирип турат. Долбоорго болжолдуу түрдө 850 миллион доллар жумшалат. Ал үч фазага бөлүнгөн.

I фаза Кызыл — Жылдыз, Арал, Казарман айылдары менен Жалал-Абадды бириктирип, узундугу 154 чакырымды түзөт. Анын алкагында Көк-Арт ашуусуна 3,7 чакырымдык тоннель курулат.

II фаза Арал — Казарман маршруту менен өтүп, 96 чакырымга жетет. Бул бөлүккө да 700 метрлик тоннель салынат.

III фаза 183 чакырымды түзүп, Балыкчы менен Кызыл-Жылдыз айылын бириктирмекчи.

Долбоордун эки фазасы Кытай тарабынан каржыланат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түндүк менен түштүгүн Бишкек — Ош жолу байланыштырып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0