БИШКЕК, 16-май. — Sputnik. Борбор калаада жөө адамды сүзгөн айдоочу кырсык болгон жерден из жашырып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкек ШИИБ Кайгуул милициясы кабарлады.
Окуя калаанын Салиева жана Буденный көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа аялды сүзүп кырсык болгон жерден качып кеткен. Учурда милиция кызматкерлери аны издөөдө", — деп жазылат маалыматта.
Тез жардам кызматынан билдиргендей, учурда жабыркаган аял ооруканага жаткырылган.