БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Бүгүн Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустары менен Бишкек шаарынын көпчүлүк жеринде электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда Ысык-Көл облусунун Барскоон, Кайнар, Кирпичный, Тосор, Кутургу, Ой-Булак, Түп, Шаты, Дөң-Талаа, Калкагар, Туура-Суу, Ала-Баш, Кара-Коо, Тогуз-Булак, Темир-Канат, Көк-Сай, Коңур-Өлөң, Көл-Төр, Кызыл-Туу, Шор-Булак, Бар-Булак айылдары менен Нарындын Миң-Куш айылында жарык өчүрүлөт.
Андан сырткары, Чүй облусунун Чоң-Таш, Военно-Антоновка, Сокулук, Заря, Большевик, Беш-Терек, Арал, Айдарбек, Ак-Башат, Полтавка, Жайылма, Киров, Күрпүлдөк, Кошой, Шалта айылдарында жана Кайыңды, Кара-Балта шаарынын айрым көчөлөрүндө жарык өчөт.
Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкекте да электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Алсак, Көк-Жар, Бакай-Ата, Ала-Тоо-1 жаңы конуштарында, Коллективный, Элебесов, Маяковский, Ахунбаев, Юнусалиев, Горький, Панфилов, Чехов, Фрунзе, Тимирязев, 8-линия, 9-линия көчөлөрүндө жана Жал кичирайонунда өчүрүлөт.