БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Россиялык ишкер Алишер Усманов Sunday Times басылмасынын жыл сайын чыгарган рейтинги боюнча быйыл Улуу Британиянын эң бай адамдарынын катарын толуктагандыгын РИА Новости жазды.
Жыл ичиндеги кирешеси 5,4 миллиард долларга өсүп, жалпы байлыгы 15,25 миллиард долларга бааланган Усманов байлардын тизмесинде бешинчи болуп турат.
Былтыркы жылы лидерлик кылган ага-ини Дэвид жана Саймон Рубендер 18 миллиард долларга бааланган байлыгы менен үчүнчү орунга түшүп калышты. Алардын алдында Советтер Союзунда туулуп-өсүп, учурда Америкада ири ишкерлик кылган Леонид Блаватник турат (20,6 миллиард доллар).
Олигархтардын тизмесинин 13-сабында дагы бир россиялык бар. Ал "Челси" футбол клубуна кожоюндук кылган — Роман Абрамович. Байлыгы — 10,4 миллиард доллар.