9-майга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековМонумент памяти павшим в Великой Отечественной войне в Бишкеке
Монумент памяти павшим в Великой Отечественной войне в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. 9-майда түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ботанический сад в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө "Сакура" багы ачылды
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 23…28 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 24…29 градус, Ысык-Көлдө 14…19, Нарында 16…21 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ошто күндүн табы 27…28 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0