Кайгуул милициясы үч саатта Бишкекте жасалган оор кылмыштын бетин ачты

© Фото / пресс-служба УПМ ГУВД БишкекаКүбөлөрдүн айтымында, дал ушул автоунаа түн ортосунда кишини коюп кеткен
Күбөлөрдүн айтымында, дал ушул автоунаа түн ортосунда кишини коюп кеткен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишембиге караган түнү айдоочу жай тургунду коюп кетип, милиция кызматкерлерин алдоого аракет кылган.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы жөө адамды коюп кетти деп шектелген айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, ишембиге караган түнү 6-майда болжол менен саат 01:00дөр чамасында Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан милицияга кабар келген. Анда Медеров жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу жөө адамды коюп кеткени айтылган.

© Фото / пресс-служба УПМ ГУВД БишкекаЖөө адамды сүзүп кетти деп шектелип кармалган 38 жаштагы жаран
Жөө адамды сүзүп кетти деп шектелип кармалган 38 жаштагы жаран - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жөө адамды сүзүп кетти деп шектелип кармалган 38 жаштагы жаран
© Фото / пресс-служба УПМ ГУВД БишкекаКүбөлөрдүн айтымында, дал ушул автоунаа түн ортосунда кишини коюп кеткен
Күбөлөрдүн айтымында, дал ушул автоунаа түн ортосунда кишини коюп кеткен - Sputnik Кыргызстан
2/3
Күбөлөрдүн айтымында, дал ушул автоунаа түн ортосунда кишини коюп кеткен

3/3
Күбөлөрдүн айтымында, дал ушул автоунаа түн ортосунда кишини коюп кеткен
1/3
Жөө адамды сүзүп кетти деп шектелип кармалган 38 жаштагы жаран
2/3
Күбөлөрдүн айтымында, дал ушул автоунаа түн ортосунда кишини коюп кеткен
3/3
Күбөлөрдүн айтымында, дал ушул автоунаа түн ортосунда кишини коюп кеткен

Ооруканага дароо келген милиция кызматкери башынан жаракат алган жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө экенин билген. Дарыгерлер аны ким алып келгенин так айта алышкан эмес. Бирок милиция кызматкери оорукананын коридорунда тынчсызданып жаткан кишилерди байкап, суроо салса алар жол кырсыгына кабылган жай адамдын абалын билүү үчүн келгендерин айтышкан.

Окуучуларды койдуруп кетүүгө шектелген айдоочу эмнеге качып кеткенин айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Окуучуларды койдуруп кетүүгө шектелген айдоочу эмнеге качып кеткенин айтып берди
Шек жараткандар түн ичинде бейтааныш кишинин ден соолугунан эмнеге кабатыр болуп жатканы боюнча суроого жооп бере алган эмес. Андан сырткары, бирөөсү ооруканага такси менен келгенин, өз машинасын Белоруссия жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишине таштаганын айткан. Бирок милиция кызматкерлери айтылган дарек боюнча барып машинаны тапкан эмес.

Кийинчерээк 12-кичирайондогу "Панорама" жактан маңдайкы терезеси талкаланган, мамлекеттик номери жок Toyota Wish үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Жыйынтыгында жол кырсыгына күбө болгон үч жаран дал ушул машина жай адамды коюп кеткенин айтышып, рулда отурган киши жабыркаган жарандын абалын билүү үчүн таанышын ооруканага чакырганы аныкталган.

"Түнкү саат 04:00дөр чамасында шектүү жаран жасагандарын мойнуна алып, таанышынан машинаны катып коюуну суранганын айткан", — деп Кайгуул милициясынан билдиришти.

Шек жараткан 38 жаштагы киши кармалып, милиция кылмыш ишин козгоо үчүн материалдарды даярдап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0