Аргентина 9-майды Жеңиш күнү катары расмий кабыл алышы мүмкүн

© Sputnik / Александр Мазуркевич / Медиабанкка өтүүАрдагер. Архив
Ардагер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-майды Жеңиш күнү деп жарыялоо боюнча сунуш депуттардын кароосуна жиберилген.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Аргентинанын депутаттар палатасы 9-майды Жеңиш майрамы катары расмий белгилей башташы мүмкүн. Бул тууралуу кинорежиссер жана Аргентинадагы россиялык мекендештер координациалык кеңешинин президенти Силвана Ярмолюкка таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

"9-майды жеңиш күнү деп жарыялоо боюнча сунуш депутаттардын кароосуна жибергенбиз. Колдоо тапса кабар беребиз", — деген Ярмолюк.

Анын айтымында, мындай сунуш бир жыл мурда жөнөтүлгөн. Өткөн жумада депутаттардын кароосуна коюлуп, айрым бөлүктөрү жактырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0