БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Эртең күндүз Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөй турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Бишкекте күндүн табы 25…27 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында 26…28 градус ысык болот.
Чүй менен Талас облустарында 23…28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен дубандарына 24…29 градус жылуу болору айтылууда. Ысык-Көлдө 15…20, ал эми Нарын облусунда 16…21 градус жылуу болору божомолдонуп жатат.