БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Бейшемби күнү мезгил-мезгили жаан жаай турганын Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй, Талас өрөөнүндө 22…27 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 23…28 градус, Ысык-Көлдө 15…20, Нарында 17…22 градус жылуу болот.
Борбордо күн 26 градуска чейин жылыса, түштүк калаада 27 градус жылуу болот.