Видеодо үч эм ишке кетип бараткан атасынын артынан чуркап баратканын көрүүгө болот. Машинаны бир аз айдаган киши унаадан чыгып, коштошуу үчүн балдарын бооруна кыса кучактайт.
"Бул мен үчүн чоң бакыт, ошол эле учурда чоң "түйшүк". Мен ишке кетип баратканда мындай көрүнүш такай кайталанат. Мен ишке кеткенде балдарым мени аябай сагынат экен", — дейт үч эмдин атасы.
Көпчүлүктүн жүрөгүн элжиреткен видеону China People's Daily басылмасы өзүнүн YouTube баракчасына жарыялаган.