БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кайгуул милициясы Токмоктун аймагында жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады.
© © видео очевидца, отправленное по Whats App-каналу
"Эч ким жабыркаган жок. Алдын ала маалымат боюнча Golf унаасынын айдоочусу күнөөлүү деп айтылууда. Ал тыюу салынган жерден бурулду. Ал эми милициянын автоунаасы атайын сигнал берген атайын жарыкты күйгүзүп алып келе жаткан", — деп күбө билдирди.
Кайгуул милициясынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын маалымат кызматы окуяны тактап жатканын айтышты.
Эгер кандайдыр бир окуяга күбө болуп калсаңыз, анын сүрөтүн, видеосун биздин WhatsApp номер +996 706 566 544 аркылуу жиберсеңиз болот.