Түштүк магистраль жана Бах көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кыймылын эки киши жөнгө салып жатканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.
Анын айтымында, окуя шаршемби күнү саат 22.00дөр чамасында болуп, бул учурда милиция жок болчу.
Кайгуул милициянын маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгынан кийин гана түшүндүрмө берет.