БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Смоленск облусунун жашоочусу аялына фокус көрсөтөм деп аны өрттөп жиберген. Бул факты боюнча тергөөчүлөр кылмыш ишин козгогонун РИА Новости жазып чыкты.
Окуя 15-апрелде Вязьма шаарында катталган. Маалыматка караганда, жубайлар өз үйүндө ичимдик ичип отурушкан.
"Киши аялына оозунан от чыгарган трюк көрсөтүүнү ойлогон. Ал оозуна курамында спирти бар суюктукту толтуруп, чакмакты күйгүзүү менен аны үйлөгөндө от аялына тийген", — деп айтылат маалыматта.
Ийгиликсиз фокустун айынан аялдын денесинин 90 пайызы күйүп, ал үч күндөн кийин ооруканадан көз жумган.
Учурда 33 жаштагы жаранга карата Кылмыш жаза кодексинин "этиятсыздыктан улам адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ага ылайык жаран эки жылга эркинен ажырашы мүмкүн. Айыпталуучу өкүнүп жатканын айтып, сыртка чыкпоо боюнча тил кат жазып берген.