БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күн 28 градуска чейин жылыйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондордо кар, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.
Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү жаралышы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Ош жана Бишкек шаарларында 27-28 градус жылуу болот.