Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКол чатыр көтөргөн шаар тургундары. Архив
Кол чатыр көтөргөн шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ишемби күнү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Ош шаарында 17-19, Бишкекте 14-16 гардус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0