БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Майып адамга көрсөтүлүп жаткан одоно мамиле тартылган видео Instagram социалдык тармагына жарыяланды.
Видеодогу жазууларга караганда окуя №34 автобуста болгон.
Автобустун кондуктору болушу мүмкүн делген аял жерде жаткан майып кишини келип ары жакка оодара түртүп, жанындагы баштыкты үстүнө ыргытып кайта автобуска түшүп кеткен. Алардын жанындагы бала майып кишини кармап калган.
Азырынча аялдын мындай кадамына эмне түрткү болгону айтыла элек.