БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Италияда дүйнөнүн эң улуу жашоочусу деп эсептелген 117 жаштагы Эмма Морано дүйнө салды. Бул туурасында РИА Новости La Repubblica басылмасына шилтеме берип кабарлады.
Эмма Морано 1899-жылы туулган экен. Ал байбиче XIX кылымда туулган узак жашагандардын катарына киргендигин Франс Пресс кошумча маалымат катары билдириптир.
Италиялык Эмма Морано Нью-Йорктогу узак өмүр сүргөн дагы бир жашоочу Сузанна Мушатт Жонс каза тапкандан кийин, 2016-жылдын май айынан бери планетанын эң улуу адамы деп эсептелип келген.