БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Эртең, 8-апрелде өлкө аймагында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Бишкекте 13…15 градус жылуу болсо, Ош шаарында абанын температурасы 15…17 градуска чейин көтөрүлөт. Чүй менен Таласта 11…16, Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында күндүн табы 10…18 градуска чейин жогорулайт. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында 5…10 градус жылуу болушу божомолдонуп жатат.