БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректору Чынара Адамкулова башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ректорлуктан кетти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Адамкулованын ордуна ректордун милдетин аткаруучу болуп Канат Садыков убактылуу дайындалган.
Белгилей кетсек, Адамкулова ректорлук кызматка 2015-жылы келген.