Эмил Токтошев: эл террордук уюмдарды жана алардын мүчөлөрүн билиши керек
Эл террордук уюмдарды жана алардын мүчөлөрүн билиши керек. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Эске сала кетсек, "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча демилге ЖКда каралды. Ага ылайык, сот тарабынан террордук уюм деп табылгандар жалпыга жарыяланат.
"Сот тарабынан террордук уюм же аталган уюмдарга тиешеси бар деп табылгандарды калк билиши керек. Андыктан кара тизмеге түшкөн уюмдарды же адамдарды массалык маалымат каражаттары аркылуу элге жайылтышыбыз зарыл", — деди депутат.
Токтошев жарыяланган тизме террорчуларга алданып калбоого жардам болорун кошумчалады.