БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бишкектин өкмөттүк трассасында машина өрттөнүп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты.
Автоунаа Чыңгыз Айтматов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде өрттөнгөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктын кесепетинен эч ким жабыр тарткан эмес. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталып жатат.