Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден түнкүсүн 14 метрге жетет.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Бейшембиде эртең менен мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Ал эми күндүз жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден түнкүсүн 14 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда күн ачык болот.

Ошто 12 градус жылуу болсо Бишкекте күндүн табы 5 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0