Багбан Төлөмүшов: өрүктү үшүктөн сактоочу заманбап каражаттар бизге жете элек
Баткендик багбан Турсунали Төлөмүшовдун айтымында, жергиликтүү эл күнү-түнү өрүкзарларды ыштап жатышат.
"Өрүктү үшүктөн ата-бабалардан калган бир гана ушул ыкма менен сактайбыз. Башка жолу жок. Өнүккөн мамлекеттерде жер-жемишти сууктан сактап калчу башка каражаттар бар экен. Бизге алар жете элек", — деди Төлөмүшов.
Өрүктү сууктан сактап калуу үчүн дүт түтөтүлөт. Жергиликтүү эл дүт деп малдын кыгы менен кургак чөптүн аралашмасын атайт.