Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат

© Sputnik / Александр Гейфман / Медиабанкка өтүүЧек арадагы көзөмөл пункту. Архив
Чек арадагы көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара 5-апрелден тарта иштей баштайт.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркештам" өткөрүү пункттары 2-апрелден 4-апрелге чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чек аралар Кытайда өлгөндөрдү эскерүү күнүнө байланыштуу жабылууда.

Аталган чек ара өткөрүү пункттары 5-апрелден баштап кайрадан өз ишин улантат.

Жаңылыктар түрмөгү
0