1-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы Курманжан-Датканын айкели. Архив
Бишкек шаарындагы Курманжан-Датканын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Эртең, 1-апрель күнү, Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Работа ООО Управляющая компания Влад-Дом в Первомайском районе Владивостока - Sputnik Кыргызстан
Мэрия Бишкекте жылуулук берүү канчага созуларын айтты
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарында 11…13 градус жылуу болсо, Ош шаарында абанын температурасы 12…14 градуска жетет. Чүй облусунда 8…13, Таласта 7…12 градус жылуу болушу күтүлөт. Ош, Баткен жана Жалал-Абадда күндүн табы 10…15 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көлдө 8…13, ал эми Нарында 3…8 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0