БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Эртең Кыргызстандын айрым аймактарында жаан-жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын температурасы 15 градуска чейин жетет.
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5, күндүз 11…16, Нарында түнкүсүн 3, күндүз 11 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкекте түнкүсүн 10…12, күндүз 13…15 градуска чейин жылыйт.