Исабеков: кыргызстандык 10 спортчу Азия чемпионатына жолдомо алууга ат салышат
Кыргызстандык он балбан дзюдо боюнча Түркияда өтө турган мелдешке катышат. Бул тууралуу Дзюдо федерациясынан билдиришти.
Федерациянын башкы катчысы Азамат Исабековдун айтымында, катыша турган спортчулар машыгууларын Казакстанда өткөрүп келишти.
"Анталья шаарында 7-9-апрелде боло турган таймашка өлкөнүн атынан 10 спортчу катышат. Балбандарды ал жакка жөнөтүү чыгымдарын спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясы менен биздин федерация каржылайт. Спортчулардын даярдыгы жакшы, алар эки күн мурун Шымкент шаарында машыгууларын өткөрүп келди", — деди Исабеков.
Аталган мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө Гонконг шаарында 26-майдан 28-майга чейин өтө турган Азия биринчилигине жолдомо берилет.