БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бүгүн, 27-март, театрдын эл аралык күнү. Адамдардын маданиятын, дүйнө таанымын өзгөртүп, искусствого жетелеген өнөр адамдарына алкыш.
Бул күндү утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги театрлардын сахналарын тартуулайт.
![Национальный академический театр драмы имени Токтоболота Абдумомунова Национальный академический театр драмы имени Токтоболота Абдумомунова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103257/92/1032579274_0:0:3000:2003_600x0_80_0_0_18ad123b624a36644b5552045e8f8cd3.jpg)
Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры
Түзүлгөнүнө 80 жылдан ашкан театр бул мөөнөт аралыгында дүйнөлүк жана Кыргызстандын атактуу драматургдарынын 500дөн ашык спектаклин койгон. Театр 1926-жылы негизделип, 1997-жылы ага Токтоболот Абдумомуновдун аты ыйгарылган.
![В Бишкеке прошли гастроли Казахского театра оперы и балета В Бишкеке прошли гастроли Казахского театра оперы и балета - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101337/59/1013375969_0:0:5472:3648_600x0_80_0_0_7c6b669d5d9ee91c166db37ce60124fa.jpg)
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры
Театр 1955-жылы 15-майда ачылган. Сезон салтка айланып калгандай күзүндө башталып, жазга чейин созулат. Театрдын сахнасына 150дөн ашык опера жана балет спектаклдери коюлган.
![Бишкекский городской драматический театр имени Арсена Умуралиева Бишкекский городской драматический театр имени Арсена Умуралиева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103257/94/1032579417_0:0:3000:2003_600x0_80_0_0_ace4c126206022f13c036edf3619ed96.jpg)
Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры
Театр 1993-жылы 25-апрелде түзүлгөн. Аны КР эл артисти Арсен Умуралиев менен театр сынчысы Цыцыгма Умуралиева тарабынан негизделген. Кыргыз, орус тилиндеги спектаклдар коюлат. Бул Бишкектеги жападан жалгыз муниципалдык театр.
![Государственный национальный русский театр драмы имени Чингиза Айтматова Государственный национальный русский театр драмы имени Чингиза Айтматова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103257/93/1032579340_0:0:3000:2003_600x0_80_0_0_ca7a3fa1b3ae169126c1f99bb045347f.jpg)
Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры
Театр 1935-жылы түзүлгөн. Андан бери театрдын сахнасында 15 миңден ашык спектакль коюлган. 2008-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысмы берилген.
![Театр кукол имени Мусы Жангазиева Театр кукол имени Мусы Жангазиева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103257/94/1032579478_0:0:3000:2003_600x0_80_0_0_b18a07ba62dab75c50383cecb16ec218.jpg)
Муса Жангазиев атындагы куурчак театры
Театрдын түзүлгөнүнө быйыл 80 жыл толот. Бул убакыт аралыгында куурчак театрында 400дөн ашык дүйнөлүк жана кыргыз жазуучу, драматургдарынын чыгармалары сахналыштырылган. Негизинен театрда кичинекей балдарга арналган куурчак спектаклдари коюлат.
![Ошский государственный академический узбекский музыкально-драматический театр имени Бабура Ошский государственный академический узбекский музыкально-драматический театр имени Бабура - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103257/96/1032579657_0:0:1212:805_600x0_80_0_0_4be7d47670cfddac0796722d37481f40.jpg)
Оштогу Бабур атындагы өзбек театры
Аталган театр 2018-жылы өзүнүн жүз жылдыгын белгилейт. Анын сахнасында жүздөгөн спектаклдер коюлган. Театр белгилүү таланттуу актер, режиссер, коюучу, балетмейстерлерди тарбиялап чыккан. Бул жакта эмгектенгендердин ичинен 11 эл артисти, 30 эмгек сиңирген артист жана маданиятка эмгек сиңирген алты ишмерлер чыккан.
![Ошский областной кыргызский драматический театр имени Ибраимова Ошский областной кыргызский драматический театр имени Ибраимова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103257/96/1032579600_0:0:1220:810_600x0_80_0_0_3ca8c50bb73ac3dec4123bf7c6e1ffbd.jpg)
Ибраимов атындагы Ош облустук кыргыз драма театры 20-кылымда түзүлгөн. Анын сахнасында белгилүү драматургдардын чыгармалары сахналаштырылган. Бул жакта маданиятка эбегейсиз салым кошкон эл артисттери эмгектенет.