Насостук станция 1982-жылы колдонууга берилген болчу.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районундагы "Арка" насостук станциясы 20 жылдан кийин толук иштей баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Насостук станция Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы үч миң гектар аянтка суу жеткирет. Ал Тажикстандын Кайра-Кум суу сактагычынан сууну сордуруп 4600 метр алыстыкка чыгарат.
Насостук станция Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы үч миң гектар аянтка суу жеткирет.
Жергиликтүү суу чарба адистердин айтымында, бул станция совет доорунан калган уникалдуу инженердик объект болуп эсептелет жана ал 1982-жылы колдонууга берилген.