Мындан бир нече жыл мурда аталган имараттын бири Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын түштүк башкармалыгына акысыз ижарага берилип кеткендиктен азыркыдай абал жаралдууда. Бул туурасында Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилова айтып берди.
Төрөт үйүнүн жетекчилиги аталган имаратты кайтарып берүү өтүнүчү менен 2016-жылы Ош шаардык мэриясына жана шаардык кеңешке кайрылган.
Шаардык кеңеш 2016-жылдын 31-октябрында аталган имарат бошотулуп, төрөт үйүнө кайтарылсын деген чечим чыгарган. Башкы дарыгер анткен менен ал чечим бүгүнкү күнгө чейин аткарыла электигин айтты.
"Тилекке каршы, 70 орунда 100дөй эне жатат. Бул көрүнүш төрөлгөн наристелердин да, энелердин да ден соолугу үчүн кооптуу. Палаталар жетишпегендиктен, төрөткананын ашканасын палатага айландырууга туура келди",— деди Исраилова.
Башкы дарыгер аталган жайда күнүнө 45ке чейин бала жарык дүйнөгө келерин кошумчалады.