Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу менен бир жүргүнчүсү каза болгонун Чүй облустук ИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматынын инспектору Тилек Исаев билдирди.
"Май ташыган унаанын айдоочусу чыгыштан батышты көздөй бараткан Mercedes катуу ылдамдыкта жана каршы тилкеде келе жатканын белгилөөдө. Анын билдирүүсү боюнча жеңил унаанын айдоочусу жакын келип калган бензовозду көрүп, кайра өз жолуна түшүүгө аракет кылып, бирок жетишпей калган", — деди Исаев.
Маалыматка караганда Mercedes май ташыган чоң унаанын алдына кирип кеткен.