БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Көчмөндөр оюнунун эн белгисинин автору, жаштар сыйлыгынын жана "Эл Куту чебер" наамынын лауреаты Майрамкул Асаналиевдин "Манас ааламы" деп аталган сүрөт көргөзмөсү өтө турганын "Устат" академиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 25-мартка белгиленген. Көргөзмөгө буга чейин жарыялана элек баалуу сүрөттөр коюлуп, анын ар биринин сырын автор өзү баяндап бермекчи.
Салтанаттуу ачылыш аземи саат 15.00дө, Баялинов көчөсүндө жайгашкан академиянын имаратында болот. Көргөзмө 1-апрелге чейин уланары белгилүү болду.