БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарымдуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жээнбековдун дагы бир буйругу менен обулстун буга чейин жетекчиси Асхат Акибаев ээлеген кызматынан алынды. Анын эмне себептен жумушунан бошотулганы азырынча белгисиз.
Эскерте кетсек, КСДП партиясынын тизмеси боюнча кийинки сапта Икрамжан Илмиянов турат.