БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкектин түндүк-батыш тарабындагы "Достук" кичирайонунан милиционерлер кыздын сөөгүн табышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
Анын айтымына караганда, кыздын сөөгү 11-март күнү эртең менен гараждардын жанынан табылган.
"Кыздын сөөгү жаткан жерде милиция кызматкерлери иштеп жатышкан", — деди күбө.
Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгы аталган фактыны ырастап, толугураак маалыматты бир аздан кийин беришээрин айтышты.