БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жаңы депутат Канат Керезбеков бүгүн парламентте ант берди.
Эске сала кетсек, Керезбеков КСДП фракциясынын мурдагы депутаты Тилектеш Исаевдин ордуна келди.
Тилектеш Исаев өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. КСДПнын тизмесинде Керезбековдон кийинки орунда президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов турат. Керезбеков буга чейин Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору болуп иштеп келген.