БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы көчөлөрдүн бириндеги кудуктан эркек адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда, окуя кечээ, 8-март күнү Биринчи Май районунда катталган.
"Нарв көчөсүндөгү №74 үйдүн жанындагы кудуктан белгисиз эркек кишинин сөөгү табылган. Аны кудуктан ӨКМдин куткаруучулары алып чыгышкан", — деп жазылат маалыматта.
Каза болгон адамды ӨКМ милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.