ОШ, 8-мар. — Sputnik. Көпүрөнүн шыбагы урап башына тийген кош бойлуу келинге медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жеткирилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.
Эске салсак, 8-мартта саат түшкү экилер чамасында эстакадалык көпүрөнүн дубалынын шыбагы урап, кош бойлуу келиндин башына тийип, эс-учун жоготкон.
"Навои көчөсүндөгү "Достук" көпүрөсүн курган курулуш компаниянын жетекчилиги тиешелүү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилди", — деп айтылат маалыматта.
Окуя боюнча тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.