Жаңыбай Туманов: жаңы биофабрика табыгый таза өсүмдүктөрдү өстүрүүгө шарт түзөт
Баткен регионалдык биофабрикасынын негизги максаты — табыгый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Кыргызагробио борборунун директору Жаңыбай Туманов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Биофабриканын негизги максаты — табыгый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү. Бул жактан жасалган дары-дармектер жана сапаттуу жер-жемиш өстүрүү менен гана коңшу өлкөлөргө теңеле алабыз. Антпесе товары сапаттуу жана рыногу чоң мамлекеттерге теңата болуу абдан татаал болуп турат", — деди Туманов.
Баткен регионалдык биофабрикасы — айыл чарба өсүмдүктөрүн оорудан жана зыянкечтерден коргой турган экологиялык жактан таза биопрепараттарды чыгарат.
Фабрика ишке кирсе, алгачкы жылы 15 адам жумуш менен камсыз болот.