БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясынан археологдор мындан 2,2 миң жыл мурунку 500дөн ашуун колодон жасалган буюмдарды табышкан. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен жазды.
Археологдордун өкүлү Ван Тянью ал буюмдар Чэнду шаарында Чуньцю дооруна (биздин заманга чейинки 770-476 жылдар) жана согуш дооруна (биздин заманга чейинки 475-221-жылдары) таандык 180 көрүстөн казылып жаткан учурда табылганын билдирген.
Казылган мүрзөлөрдөн жалпы саны 540 коло буюмдары чыккан. Алар курал, идиш-аяк, ар түрдү шаймандар жана салттуу статуэткалар болгон.