БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга курал-жарактарды огу менен кошо алып бараткан эки казак жараны чек арадан кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 5-мартта колго түшкөн. Toyota Camry үлгүсүндөгү машинаны тинтүү учурунда чек арачылар МР-654К үлгүсүндөгү газ тапанча, беш газ баллон жана газопневматикалык октордун топтомун табышкан.
Андан сырткары, ошол эле күнү "Кеңбулуң" өткөрүү пунктунан казак жаранынын автоунаасын тинтүү учурунда ИЖ-18Е үлгүсүндөгү аңчылык мылтыгы табылган. Ал дагы Кыргызстандан Казакстанга өтүүгө аракеттенген.
Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар ИИМдин аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.