БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. "Манас" аба бекетинен жасалма документ менен эки жаран кармалганын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, 43 жаштагы израилдик аял эки баласы менен жасалма документ аркылуу Стамбулга учууга аракет жасаган. Текшерүү учурунда анын визасынан жасалма белгилер байкалып калган.
Дагы бир кыргызстандык жаран башка адамдын паспорту менен Москвага кетүүнү көздөгөн. Бирок текшерүү учурунда кармалып калган.
Учурда эки жаран тең УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.