Түркияда окуган Манасбек Максүтов: кыргыз жигиттеринен башынан ак калпак түшпөсүн
Кыргыз жигиттеринин башынан ак калпак түшпөсүн. Мындай тилегин Түркиянын Кайсери шаарында окуган Манасбек Максутов кыргызстандыктарга жолдогон куттуктоосунда айтты.
"Кыргызстандык студенттер биримдиги" уюмунун жетектеген Максутов 4-март күнү кыргызстандык студенттер Ак калпак күнүн белгилеп, ага ушул эле шаарда башка мамлекеттерден келип окуган жаштар катышканын айтты.
"Максатыбыз — кыргыз эли тууралуу маалымат берип, Кыргызстанды таанытуу эле. Баарына ак калпак кийгизип, баш кийимибиз жөнүндө кеңири айтып бердик", — деди ал.
Максутовдун айтымында, Түркиянын Кайсери шаарында 100дөн ашуун кыргызстандыктар бар. Алардын 12си лицейде, 75и университетте окуса, 15и ар кандай жумуштарда иштейт.