Айбек Касымов: "Талым кыз менен Көбөктүн айтышын" эл көп сурайт
Айбек Касымов: "Талым кыз менен Көбөктүн айтышын" эл көп сурайт
"Талым кыз менен Көбөктүн айтышы" чыгармасын мындан беш жыл мурун жубайым экөөбүз улуттук аспаптарын кошуп, эстрадалык нукта жаңылап ырдап чыкканбыз. Сөзү Тоглок Молдо атабызга, ал эми обону Нурак Абдрахмановго таандык. Бул тууралуу белгилүү ырчы Айбек Касымов Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул чыгарманын өзүнүн тарыхы бар.
"Тоголок Молдо атабыз көл жеринде жүргөндө аталардын оозунан окуяны угуп тамсил кылып жазыптыр. Хандын кызы "мени ким сөзгө жыга алса ошого турмушка чыгам" деп айтыптыр. Ошондо Нарындан Көбөк аттуу мырза келип сөзүнүн таамайлыгы менен кызды утуп, баш кошушкан экен", — деди өнөрпоз.